Жаңылыктар
Алтын балалык: маанай майрамдагыдай...
Кыргызстан жаңылыктары
Алтын балалык: маанай майрамдагыдай...

Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык комплекси миграцияда жүргөн жарандардын балдарын кабыл алууда.

 Алгачкылардан болуп Казакстандан 65 бала эс алууга келди. Бул саамалык улантылып алдыда Россиядан да балдар келет. Алар өлкө дубандарынан барган өспүрүмдөр менен бирге эс алышат. Муну менен четте жүргөн балдарга Кыргызстан тууралуу кенен маалымат берип, кыргыз тилин үйрөнүүгө өбөлгө түзүү колго алынган.