Жаңылыктар
Баткенде жабыр тарткан ишкерлердин насыялары жоюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жабыр тарткан ишкерлердин насыялары жоюлду

2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди.

 Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, эки жыл мурдагы чыр-чатактын кесепетинен зыян тарткан ишкерлердин кредиттик береселери, анын ичинде бул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.