Жаңылыктар
УКМК: прокуратуранын кызматкери пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: прокуратуранын кызматкери пара менен кармалды

20 000 АКШ долларын алып жаткан учурда Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси кармалды. Бул туурасында коопсуздук кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети прокуратуранын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте 23-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адисин пара алып жаткан жеринен кармаган. Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 50 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.