Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычында балык багууга сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычында балык багууга сынак жарыяланды

Балык чарба департаменти Токтогул суу сактагычынын акваториясынын тилкелерин жана көлмөлөрүн пайдаланууга берерин айтып, ишкерлер арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Ага юридикалык жана жеке жактар катыша алат. Көлмө алуу үчүн арыз менен 24-июлга чейин кайрылуу керек. Каалоочулар өздөрүн кызыктырган маалыматтарды алыш үчүн 0312 66-28-30 номерине кайрылса болот.