Жаңылыктар
Буранада "тайган фест" этномайрам өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Буранада "тайган фест" этномайрам өтөт

27-июнда Бурана археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында "Тайган Фест" эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен маалымдалды.

Анда айтылгандай, иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, туристтик жаңы кызматтарды жана маршруттарды түзүү.

"Тайган Фест" этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле тайгандын сырткы көрүнүшүн жана жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча "Тайган чубатуу" кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат. Иш-чара Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, "Жаштар өнүктүрүү ресурстары" коомдук фонду, "Кыргыз тайган клубу" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.