Жаңылыктар
Коррупцияга каршы аракеттер
Коррупция
Коррупцияга каршы аракеттер

Жооптуу кызматкерлердин пара алып же берүүсү, салыкты жашыруу, өлкө казынасына кол салуу сыяктуу кыңыр иштердин бети ачылган учурларды күн сайын болбосо дагы маалымат булактарынан окуп калабыз. Мындан улам, кызматтык абалынан пайдалангандар, же, маселесин “аке-жакелеп”, башкача жол менен бүтүрүп алчулар аз да болсо сестенип калышты.

Анткени, бүгүн кылып жаткан иши эртең эле элге жайылып, теле жылдызына айланып калбайм деп эч ким кепилдик бере албайт. Анын үстүнө мындай учурларда журналисттерге да кудай берип калат эмеспи. Биринен-сала экинчиси жарыялайт. Гезит, журнал, теле, радио, интернет ж.б. Баса, Фридом Хаус деген укук коргоо уюму Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң эркин өлкө деп тапты.

Бизде “Коомдук пикир” деген түшүнүк пайда болду. Чынында, жөнөкөй жаран болобу, атка минер болобу, коомдук пикир менен эсептешпей кое албайт. Бул - албетте, жакшы белги!

Дагы бир Трансперенси Интернейшнл аттуу эл аралык уюм Кыргызстанды коррупция менен күрөшүүдөгү позициясын жакшыртты деп тапты. Биздин өлкө Украина, Тажикстан, Өзбекстан, Түрмөнстанды артта калтырды. Рейтингдин лидерлик ордун ушуну менен экинчи ирет Дания сактап турса, акыркы орунда Түндүк Корея менен Сомали. Трансперенси Интернейшнлдин маалыматында коомчулуктун кол кабыш кылуусу менен гана коррупцияны азайтууга болорун былтыркы жыл далилдеди деп айтылат. Же, көп түкүрсө көл болот дегендей...

Коррупция менен күрөш, анын жыйынтыктары тууралуу өтүп бара жаткан жумада Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге айтып берди. Кененирээк Гүлнара Касымбекованын материалында: