Жаңылыктар
Сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү
Ден соолук
Сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда суук түшкөнү сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү. Дарыгерлер жугуштуу илдет ноябрь айында мындан да көбөйө баштайт деп божомолдоп жатышат. 

Учурда жугуштуу илдеттер ооруканасынын бир эле бөлүмүндө, 40тан ашык бейтап дарыланууда. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул айына караганда аз деп айтылганы менен, ооруканада бейтаптар үчүн орун жетишсиздиги байкалууда.

Суук түшкөнү сасык тумоо илдетине чалдыккандардын саны көбөйдү. Кечээ эле республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 50 дөн ашык адам кайрылган. Учурда ооруканада бул илдет боюнча эки бөлүм иштеп жакандыгына карабай, орундун жетишсиздигинен коридорго жатып дарылангандар да бар экен. Алардын көбүнчөсү 1 жаштан 8 жашка чейинки балдар.

Сасык тумоону айрым бирөөлөр катардагы эле жеңил абал катары кабыл алышат. Бирок анча маани берилбегени менен, сасык тумоонун өтүшүп кетиши ден соолукка олуттуу көйгөй жаратат. Көбүнчө илдетке жаш балдар кабылып, бала бакчадан же мектептен жугузуп алган учурлар көп кездешүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, сасык тумоонун эң көп катталган учуру адаттагыдай эле январь-февраль айларына туш келээрин айтышууда. Ошол эле учурда министрлик сасык тумоого каршы жалпысынан 70 миң доза вакцина алып койгонун кабарлады.