Жаңылыктар
"Үмүт" кинофоруму жыйынтыкталды
Маданият
"Үмүт" кинофоруму жыйынтыкталды

КМШ өлкөлөрүнүн кино тармагынын адистерин бириктирген “Үмүт” эл аралык жаш киночулар форуму жыйынтыкталды. 4чү ирет өткөн форумга 12 мамлекеттин кинематографисттери келишкен. 

Улуттук жана эл аралык номинацияларда жалпысынан 50 кыска метраждуу фильм сынакка коюлган. Шериктеш мамлекеттерден келген калыстар жана киносынчылар жылдын мыкты тасмаларын тандашты.

Кыргызстандык жаш режиссер Болсунбек Таалайбек уулунун “Олжо” фильми мыкты көркөм-документалдык кыска метраждуу фильм номинациясын жеңип алды. 

Ал эми мыкты документалдык кино деп Самара Сагынбаеванын “Туяк” фильми табылды. Эл аралык форматта болсо, режиссер Теймур Исмайловдун “Өйдө- ылдыйда” көркөм-документалдык фильми мыктылардын катарына кирди жана түрдүү номинацияларда жеңүүчүлөр аныкталды.