Жаңылыктар
Төрт айда 581,8 миң тонна көмүр сатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Төрт айда 581,8 миң тонна көмүр сатылды

Ушул жылдын январь айынан апрель айына чейин Кыргызстан 581,8 миң тонна көмүр экспорттоду. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, сыртка күрөң көмүр да, таш көмүр да сатылган. Өткөн жылдын бул убакыт аралыгында өлкөдөн чет өлкөгө 238 миң тонна көмүр чыгарылган. 

Буга чейин маалымдалгандай, Кыргызстанда казылган көмүргө жаңы кардарлар чыккан — Польша күрөң көмүр жана Венгрия менен Нидерланддар таш көмүр ала турган болушкан. 

Ушул жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстан чет өлкөлөргө 12,5 миллион долларга 306,3 миң тонна таш көмүр сатты. Беларуска, Венгрия, Кытай, Латвия, Нидерланддар, Польша, Румыния, Словакияга таш көмүр экспорттолгон. 2022-жылдын алгачкы төрт айында 115,7 миң тонна көмүр дээрлик 3,9 миллион долларга сыртка сатылган.

2023-жылдын январь айынан апрелге чейин 275,6 миң тонна күрөң көмүр экспорттолгон, анын жалпы суммасы 9 миллион долларга жакын. Күрөң көмүрдү Кытай, Пакистан, Польшага сатылган. Мындай көмүр өткөн жылдын алгачкы төрт айында чет өлкөлөргө 122,4 тонна сатылган, андан түшкөн каражат 3,6 миллион долларды түзгөн.