Жаңылыктар
Социалдык объектилердин курулушун артка тарткан кимдер?
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык объектилердин курулушун артка тарткан кимдер?

Кыргызстанда акыркы эки жылда курулуш доору келди деп айтсак болот. Мектеп, бала бакча, спорт комплекстеринен баштап, аэропорт, административдик жана маданий имараттар ооруканалар биринен сала экинчиси салынып, курулуш бардык тармактарда күч алды. 

Бирок бул жаатта иштер жипке тизгендей эмес. Айрым учурлар каражатка келип такалса, кээ бирде куруучу компаниялардын өздөрүндө күнөө бар. Иш аткаруучу компаниялар, улам этап менен бөлүнө бөлүнө турган акчаны алууда, мурдагы бөлүнгөн каражаттын эсеп-чотун убагында беришпей ишти создуктурушууда.