Жаңылыктар
Калааны каптаган кара түтүндөн качан арылабыз?
Кыргызстан жаңылыктары
Калааны каптаган кара түтүндөн качан арылабыз?

Эгерде пландалгандардын баары ишке ашса, Бишкектеги түтүн маселеси чечилет. Мындай билдирүүнү Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, апта башында, экологияны жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешмеде так кесе айтты.

 Анда айтылгандай, учурда Бишкек Жылуулук электр борборун көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Эсептөөлөр боюнча, ЖЭБ көгүлтүр отко өтсө, көмүр керектөө 600 миң тоннага азаят. Кабмин Төрагасы "Бул маанилүү" экенин белгиледи.