Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында өткөн CAVA улуттар лигасында Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээледи
Спорт
Чолпон-Ата шаарында өткөн CAVA улуттар лигасында Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээледи

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын Улуттар лигасында 2-орунду ээледи.

Турнир 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында 7 команданын катышуусунда болду.

CAVA Улуттар Лигасынын жеңүүчүлөрү 6 оюнда 16 упай топтогон Иран курамасы болду.

Андрей Анкудиновдун жетекчилигиндеги Кыргызстандын курама командасы 6 оюнда 5 жеңишке жетип, Иранга гана утулуп калды (1:3).

3-орунду Монголиянын командасы ээледи.