Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: Милициянын милдети – коомдук коопсуздукту камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Басма сөзгө баяндама: Милициянын милдети – коомдук коопсуздукту камсыздоо

Карышкыр атам деп 6 миллион сомду “ап”этип,  кулкуну жаман деген аталышты алгачкы бетине койгон Фабуладан баштайлы. Мындай аталыш гезиттин оңтойсуз суроолор рубрикасында айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго жолдонгон суроодо сөз болот.Жыл сайын бөлүнүп жаткан 6млн сомдун кайда, кандай жол менен жумшалганын, ал каражат тиешелүү дарекке жетип же жетпегени агенттик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын мойнуңузга алуу керек го деп, ал акчалардын көбү Алай менен Ат Башы, Тоң менен Суусамырдагы малын кайтарып карышкыр аңдыган мергендерге тегиз жетпей, жолдон эле тең жара бөлүнүп желип жатканынан  кабарыбыз бар деп гезит коңгуроо салган.

Бүгүнкү сан “Өткөндөн сабак албаган Исаевдин жоругу”, “2 миллион сомго жакын салык же  Түлеевдин кызы салыктан качып”- дегенди жазды жана Мурдатан каканактап келгендер эми жарылууда, өлкө тазаланууга муктаж, үлгүлүү, акылы жетик, ыймандуу кыргыз үчүн деген Топчубек Тургуналиевдин жана Жубайым экөөбүз 1 кыз, 2 уулдуу болдук. Биздин тукумубузда кыздар аз. Фермер болуп жүргөндө деп кеп кылган экс депутат Эсенгул Исаковдун айткандарына орун берди.

Ошондой эле бүгүнкү Фабула Асмандан жерге конгон  же  “эски учакты оңдоп учтук. Кайсы убакта бузулат деп коркуп жаттык деп 47, 6 миң кмден ашуун жерди бир моторлуу самолет менен аба мейкиндигинде басып өтүп кыргыз элинин атын алыска даңазалаган учкуч Союзбек Салиевден алынган маекти басты.  

Майрамга карата же бүгүнкү кыргыз милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тармакта иштеген  айымдар менен мырзалардан турган тартип сакчыларынын маектери орун алды. Реформанын башкы максаты элдин ишенимине ээ болуу-деп ИИМдин жетекчисинин орун басары Курсан Асанов кенен маек курган. Майда макалалар же атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башта бар деген теманын алдында Иса президентти сөзгө калтыргысы келеби, деген же көпчүлүк коалицияны түзүү милдетинин түйшүгүн тартып жүргөн  КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркуловго карата айтылганды, былгытып жатып “ баасы” көтөрүлдү деп Республика-Ата Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун КСДП баштаган фракцияларга кыр көрсөтүп, биз айткандарга көнөсүңөр деген саясий оюну  туурасында, Өнүгүү Прогресс прездиенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтөт, Бакиевдин куйруктары дегенчелик кылган же Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баштаган бир болчулардын көпчүлүк коалицияга кирүү дымактарын жазган жана Ата Мекендин лидери  Өмүрбек Текебаев туурасында өзү эркиндикте , жан дүйнөсү түрмөдө деген жана өткөндөн сабак албаган Исаев деп мурдагы 5-чакырылыштагы кезин эске салып, бир партияда туруп экинчи партиянын сөзүн сүйлөгөн учурун азыр да кайталады деген таризде жазылган  фракция лидерлеринин саясий жүрүштөрүн батырган  макалаларды койду.

Андан аркы бетиндеги майда маалыматтар Ата Мекен Бишкек шаардык кеңешине боло турган шайлоодон баш тартты дегенди, татыктуу милиционер Таалай Нуркулов, Эмил Эшалиев акталды,СДПКга Илмиянов эмес, Баяхунов келди, референдум 11-декабрда өтүшү мүмкүн деген аталышта орун алды. О

ңтойсуз суроолор рубрикасынын калган эки каарманын да билип алыңыздар. Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевге реформаларыңыздын дайыны жок го делип экинчи суроо: ИИМдин министри Кашкар Жунушалиевге чындап эле ИИМ бүгүн президенттин кийлигишүүсүз өнүгүүгө жол таппай карайлап калдыбы?, кадрдык тазалоолорго бара албай жатканыңызга эмне себеп? деген ушул сыяктуу суроолор берилген.

Саясаттан да башка темага кайрылган бүгүнкү Фабула ажырашууга аялдар себепкерби деп ажырашууга негиз түзгөн айымдардагы айрым катачылыктарга токтолду. Ал катачылык 12 пукттан турат. Анын ичинде кызганыч, калп, кемсинтүү, узун тил ж.б камтылган. Калгандарын да кошуп үй бүлөнү сактоого далалаты бар айымдар болсо окуп, бекемдеп  алсаңыз болот.

Баяныбызды Кыргыз Туусу менен улайлы. Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат деген учкул сөздү коюп жаңы санын тартуулады. Бул аталыш башкы макалада өлкө президентинин 27 жогорку окуу жайынын эң алдыңкы студенттери деп табылган кыз уландарга стипендия тапшырган  аземден алынып даярдалды.

Ошондой эле президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар  Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган көп квартиралуу турак үйдүн ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүн тема кылган Кыргызстанды уурулар башкаруусуна жол бербешибиз керек деген аталышта, жаңы мыйзамга ээ болгон референдум тууурасындагы макалалар орун алган.

Кыргыз туусунун бүгүнкү саны аткаруу бийлигинин аймактардагы жетекчилеринен алынган кеңири маалыматтарга орун берди. Аймактарда жүрүп жаткан ийгиликтер туурасында көп жазган.  Мисалы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерин санап берген. Макала 100 күн ичинде өрнөктүү иштер аткарылды деп аталат. Бир топ долбоорлордун үстүнөн ийгиликтүү иштеп жатканын Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Садалиев маалымдаган.

Тарых жана маданият жылына карата Москва райондук маданият үйүнүн абалы туурасында жазылган макаланы “Өкмөт өзү курбаса ишкерлерге берсин” деген аталышта жайгаштырды.

Андан аркы бетинде оош кыйыш заманда билип ала турган кызыктуу макала орун алган. Ал Бермет Маткеримованын 70 жыл бирге жашап 100 жаштан өмүр сүргөн Кусеин Карасаев менен Айша Карасаевадан узак жашоонун сыры менен тааныштырган макаласы бар.  Улуттук филармонияга 80 жыл. Буга байланыштуу Куштар кылган кумар болууга, куттуу уям-филармония деген аталышта обончу, композитор, дирижер КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиевден алынды. Көз жүгүртүп коюңуз  Баяныбызды дагы бир расмий гезит Эркин Тоо жыйынтыктасын.

Милициянын милдети –коомдук коопсуздукту камсыздоо деген аталышта бүгүнүк кесип ээлеринин майрамына багытталган башкы тема менен жаңы санын ачты. 

Бул сандагы расмий жаңылыктар: жергиликтүү бийликтин ролун жогорулаткан мыйзамдын 25 жылдыгын белгилеген макала Жергиликтүү бийлик мамлекеттин пайдубалы деген аталышта Кыргызстанда 40 миң чакырым автожол бар деген  Кыргыз почтасы жаңы унаалар менен камсыздалганын, бүт өлкөнүн жарыксыз калышы ойго салат же Тажикстанда 28-октябрда бүт өлкө аймагында электр жарыгы өчүрүлгөнүн кабарлаган  ошондой эле премьер министрлердин Минскидеги жолугушуусун жазган маалымыттар орун алган.

Бүгүнкү Эркин-Тоодо өлкө президенти кол койгон КРнын Референдуму жөнүндө КРнын Конституциялык мыйзамы  жарык көрдү. Алып таанышып алсаңыз болот.


Таалайкүл Сыдыкбекова Биринчи радио