Жаңылыктар
Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаев менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаев менен жолукту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий ишсапары менен барды. 

Расмий иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев КазакстандынПрезиденти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой элеПарламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов,Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова,Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.