Жаңылыктар
Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Асман шаарынын курулушу 30-июнда башталат

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. 

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эске салды. "Ири долбоордун курулушуна президентибиз капсуласалат, андан ары жумуш башталат", - деди ал. Орунбеков Асман шаары – төртмезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүнжээгине түшөрүн жазды. 

Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлорсалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жанаэс алуу паркын ачып жатып билдирген. Анда мамлекет башчысы ал шаарда 500 миңден700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.