Жаңылыктар
Өзбекстандын туризм боюнча өкүлдөрү Ош шаарына келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстандын туризм боюнча өкүлдөрү Ош шаарына келишти

Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалыматкаражаттарынын өкүлдөрү келишти. Шаардык мэриясынан билдиришкендей, коңшу өлкөнүн делегациясы маалыматтык тур иш-чарасына катышуу үчүн келген.

Коноктордупрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев,Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу жана туристтиккомпаниялардын өкүлдөрү тосуп алып, туризм жаатында аткарылып жаткан жумуштар, өнүктүрүү багыттары боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле келечекте туризм эки өлкөнүнкызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиленип, туризм жаатындакелген коноктор менен эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышуу болуп, мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. 

Коноктор туризм жаатында маалымат алмашуу жана Ош жергесинин туристтик потенциалдары менен таанышуу максатында 2 күндүк иш сапар менен келишкен. Программага ылайык, коноктор Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай өрөөнүнүн туристтик мекемелери, жаратылышы коозжайлары менен таанышышат.