Жаңылыктар
Ысык-Көлгө эс алууга дагы 100 бала жиберилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлгө эс алууга дагы 100 бала жиберилди

24-июнда Ысык-Көлдөгү "Жалын" ден соолукту чыңдоо лагерине экинчи турда 100 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган лагерь турмуштук оор кырдаалга кабылган, майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн уюштурулган.

Буга чейин Эмгек министрлиги тарабынан ушул эле лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы эс алууга жөнөткөн.