Жаңылыктар
Курман айт намазы эски аянтта окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айт намазы эски аянтта окулат

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат. 7:30да айт намазы башталат. 

Мусулмандардын эң чоңмайрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Айкалендарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. 

Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-биринконоктошот. Белгилей кетсек, Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар28-июнда эс алат.