Жаңылыктар
Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планы даярдалат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планы даярдалат

Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планы даярдалат. Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров борборкалаанын жана Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнчажыйын өткөрдү. 

Мэр стратегиялык документти иштеп чыгууда инженердик коммуникациялардыжайгаштыруу, экологиялык аспектилерди эске алуу, өндүрүштүк жана коомдукаймактардын жайгашуусун кайра карап чыгуу, жашылдандыруунун балансын сактооменен системалуу мамиле жасоо керектигин белгиледи. Эмилбек Абдыкадыров шаардыөнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууну, Башкы планды иштеп чыгуучулардынавторлорун калыптандырууну жана конкреттүү мөөнөттөрүн жана ишке ашыруунун этаптарын көрсөтүү менен кадамдык иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды.

Ал ошондой эле "Бишкекбашкыплан долбоорлоо институту" муниципалдыкишканасына керектүү базаны түзүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле калаа мэриАламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээгинде эс алуу жайларын түзүү үчүн алдынала долбоорду макулдашып, узундугу 1 чакырымды түзгөн аянтты көрктөндүрүүнүбаштоону тапшырды.