Жаңылыктар
УКМК: Бажы кызматында коррупциялык схема аныкталды
Коррупция
УКМК: Бажы кызматында коррупциялык схема аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын көрүнүштөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексинин Опузалап пара алуу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик бажы кызматыныналдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнчаулук инспектору, майор кармалган. 

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылыктариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жериаркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуукоррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кармалган адам УКМКнын тергөөабагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул коррупциялык схемагатиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларыжүрүп жатат.