Жаңылыктар
Кыргызстан – Корея: географиялык долбоорлор ишке ашат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан – Корея: географиялык долбоорлор ишке ашат

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кореянын геоморфологиялык ассоциациясы менен биргелешкен эл аралык конференция өттү. Анда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жана Түштүк Кореянын бир катар университеттерининөкүлдөрү, окумуштуулар Кыргызстандын тоо-сууларын изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. 

Россиялык "Гидродолбоор" институтунун өкүлү Александр Сторм белгилегендей, илимий изилдөөлөр үчүн Соң-Көл аймагы тандалып алынган. Анткени, дал ушул аймакта Камбар-Ата ГЭС 1 жана Камбар-Ата гидростанциялары курулууда. Бул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн айлана-чөйрөнү жана жаратылыш шарттарын кылдат изилдөө зарыл. 

Түштүк Кореянын Кангвон улуттук университетинин өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстан географиясы толук изилдене элек өлкө. Бул жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Кореянынгеографиялык коомчулугунда чоң кызыгууну жаратууда.