Жаңылыктар
Биринчи Ысык-Кѳл электоралдык форуму ѳттү
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи Ысык-Кѳл электоралдык форуму ѳттү

Чолпон-Ата шаарында «ХХI кылымдын шайлоолору: кѳп түрдүүлүк, алдынкы тажрыйба, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору» аттуу Ысык-Кѳл электоралдык форуму ѳттү. 

Ага 10дон ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын, шайлоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, академиялык жана эксперттик коомдун ѳкүлдѳрү катышты. Негизги максат - мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын ѳркүндѳтүүгѳ, шайлоо технологияларын ишке киргизүүгѳ байланышкан маселелердин кеңири багытын талкуулап, шайлоо укугу жана процесси чѳйрѳсүндѳ топтолгон тажрыйбаларды алмашуу болду. 

Форум «ачык пикир алышуу, талкуулоо жана конструктивдүү ѳз ара аракеттер боюнча, биздин бардык шайлоо органдарынын алдында турган бүгүнкү күндүн чакырыктарын чечүүнүн инновациялык жолддорун табуу үчүн эң сонун аянтча болду». Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндѳ катышуучулар шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү чѳйрѳсүндѳ башка ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалары жана табылгалары менен таанышуу мүкүнчүлүк алышты.