Тогуз жолдун тоому аталган Балыкчы шаары быйылкы жылы да Көлгө келген туристтерге меймандостугун көрсөтүп, таза шаарды басып өтүүгө бардык аракетин жумшап жаткан учуру. Калаанын аймагын көрктөндүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, жолдорун оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жакшы жолго коюлууда.