Жаңылыктар
В гепатити: вирусту жеңүүгө болот
Кыргызстан жаңылыктары
В гепатити: вирусту жеңүүгө болот

В гепатити (парентералдык же сывороткалык)  – коркунучтуу жана айлакер оору.

В гепатити жугуштуу вирустук мүнөзгө ээ жана боорду жабыркатат. Адамдар,  вирусту алып жүрүүчүлөр жана өнөкөт В гепатити менен ооругандар инфекциянын  булагы болуп саналат.
Гепатиттин вирусу кан куйганда, хирургиялык кийлигишүү маалында жана косметологиялык процедуралар учурунда (татуаж, маникюр, педикюр жасатканда) тазаланбаган инструменттер менен кан жана организмдеги суюктуктар аркылуу, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугат. Балага инфекция адатта энеде вирус бар болсо, төрөт учурунда жугат. Көптөгөн адамдар вирусту алып жүргөнүн билбей, башкаларга жуктуруп жүрө бериши мүмкүн.

Вирустун өнөкөт түрлөрү узак убакытка созулат жана оор абалга өтүп кетиши ыктымал: боордун циррозуна жана рак оорусуна алып келиши ыктымал.

В гепатитинен кантип сактанса болот?

Бул вирустан коргонуунун эң ишенимдүү жолу – эмдөө.

Кыргызстанда 1 жашка толо элек балдарды В вирустук гепатитине каршы эмдөө профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөт.

✔️ төрөтканада жаткан 24 сааттын ичинде

✔️ АКДС-ВГВ-ХИБ пентавакцинасынын курамында 2 айлык кезинде

✔️ АКДС-ВГВ-ХИБ пентавакцинасынын курамында 3,5 айлык кезинде

✔️ АКДС-ВГВ-ХИБ пентавакцинасынын курамында 5 айга толгондо

Кыргызстанда ымыркайларды эмдөө бардык жерде 2001-жылдан тарта башталган. 2022-жылы балдардын 90 пайыздан ашыгы эмделген.

Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматовдун[1] айтымында, мындай көрсөткүч учурда балдар арасындагы оорунун 150 эсе азайышына алып келди.

“Буга чейин балдар чоңдорго караганда көп ооруп келишкен. Азыр болсо республика  боюнча бирин-серин гана учурлар катталууда”, - деди ал журналисттерге.

Чоңдор үчүн да чечим бар

2022-жылдын 16-декабрынан тартып республика боюнча 23 жаштан 65 жашка чейинки курактагы бойго жеткен калкты эмдөө башталган. Вакцина үч жолу жасалат, экинчи дозасы биринчи дозаны алгандан бир ай өткөндөн кийин, андан кийинкиси биринчи дозадан 6 ай өткөндөн кийин сайылат. Алты айдын ичинде вакцинанын үч дозасын тең алуу керек.

“Алгач эмдөөлөрдү пилоттук аймактарда өткөрдүк. 2023-жылдын январынан бери өлкөнүн  булуң-бурчунда чоң адамдар эмдөөдөн өтүп жатышат. Мамлекет биринчи жолу эмдөөгө  жана дарылоого каражат бөлүп жатат. Бул элге да, мамлекетке да пайдалуу. Себеби,   жүздөгөн бейтаптар чет өлкөгө  дарыланууга барышат, кайрымдуу адамдардан акча чогултушат. Боорду алмаштыруу операциясы  20 миң доллардан 50 миң долларга чейин жетет. Эмдөө гепатит оорусунун, боордун  циррозун жана боор рагынын өөрчүшүнүн алдын алат”, - деп баса белгилейт Зуридин Нурматов.

Адам эмдөө алаардын алдында гепатитке экспресс-тестти тапшырганы дагы маанилүү. Экспресс-тест буга чейин вирусту жуктуруп алып, бирок муну билбей жүргөндөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанда В жана С гепатити менен ооругандарды мамлекеттин эсебинен дарылоо башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын[2] айтымында, быйыл Министрлер Кабинети гепатитти аныктоо үчүн тест-системаларды, вакциналарды жана бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерди сатып алууга 276 миллион сом бөлгөн. Мындай көрүнүш биринчи болуп жатат. Буга чейин бюджетте бул беренелерге каражат каралчу эмес. Мындан тышкары, Орусия Федерациясы “Регевак В” вакцинасынын 500 миң дозасын берди. Алар 150 миң кыргызстандыкты эмдөөгө жетет. Дагы 50 миң доза бюджеттин эсебинен сатып алынды.

Коргоо бар!

Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев журналисттер менен маалымат бөлүшүп, гепатит менен ооругандардын көрсөткүчү күтүлгөндөн алда канча көп чыкканын айтты. Адистин маалыматы боюнча, Чүй облусунда эле 200 адамдан вирус табылган. Эми алар кайрадан текшерүүдөн өтүп, интенсивдүү дарыланууну башташат.

Белгилей кетчү нерсе, ар кандай куракта эмдөөдөн өткөн, эмдөө канча жыл мурун жасалганына карабастан мындай жарандардын ичинен ооругандар болгон эмес. Өзүңүздү коркунучтуу оорудан коргой аласыз жана муну жасашыңыз керек. Эгерде жарандар эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасашса, анда бир нече жылдан кийин Кыргызстан бул коркунучтуу жана оор илдеттен кутула алат. Вакцинаны жашаган жериңиздеги бейтапканадан алсаңыз болот. Бул үчүн участкалык дарыгерге кайрылышыңыз керек.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык  иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда В гепатитине, АПВ жана COVID-19 вирустарына  каршы эмдөө маселелери боюнча колл-борборду түздү. Ал  жакка күн сайын саат 8.00дөн 18.00гө чейин төмөнкү номерлер боюнча кайрылса  болот: +996 (312) 323127, +996 (312) 323011, +996 (999) 323011.