Жаңылыктар
CAVA Улуттар лигасы: Кыргызстандык волейболчулар Шилов жана Абсатаров символикалык курамга киришти
Спорт
CAVA Улуттар лигасы: Кыргызстандык волейболчулар Шилов жана Абсатаров символикалык курамга киришти

CAVA Улуттар лигасынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курама командасынын эки оюнчусу символикалык курамга кирди.

Турнир 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында 7 команданын катышуусунда өттү.

Турнирдин жыйынтыгында Иран курамасы жеңүүчү аталды. 2-орунду Кыргызстандын курама командасы, 3-орунду Монголия ээледи.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандан эки спортчу турнирдин символикалык командасына кирди. Роман Шилов мыкты борбордук коргоочу, ал эми Кутманбек Абсатаров мыкты либеро деп табылды.