Жаңылыктар
Алимардон Шүкүров Конференция лигасында ойнойт
Спорт
Алимардон Шүкүров Конференция лигасында ойнойт

Алимардон Шүкүров ойногон “Неман” командасы жаңы сезондо УЕФА Конференция лигасында ойнойт.

Беларусиялык команда квалификациянын биринчи турунан баштайт. Анда “Неман” клубу “Вадуца” менен беттешет. Биринчи 13нөн 14-июлга караган түнү Лихтенштейнде болсо, жооптук беттеши 20-июлда Беларусияда өтөт.

“Неман” өткөн сезондо Беларустун Премьер-Лигасында 9-орунду ээлеген, бирок андан жогору турган башка командалар беттештерди алдын ала сүйлөшүп алды деген айып тагылган. Натыйжада “Неман” еврокубокту ойногонго мүмкүнчүлүк алды.

Шүкүров үчүн бул анын европалык мелдештеги дебюту болмокчу. Буга чейин Гүлжигит Алыкулов алматылык «Кайраттын» курамында Кыргызстандын атынан Конференциялар лигасында ойногон.