Жаңылыктар
Бишкекте 11 чакырым жол оңдолуп, 30 чакырым тротуар жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 11 чакырым жол оңдолуп, 30 чакырым тротуар жаңыланууда

Соңку жылдары Кыргызстанда эл аралык, республикалык деңгээлдеги ири жолдорду аны менен бирге ички жолдорду салууга өзгөчө көңүл бурулууда. 

Быйыл Бишкекте 11 чакырым жол оңдолуп, 30 чакырым тротуар жаңыланууда. Буга жергиликтүү бюджеттен 860 млн сом каралган. 

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жол салуу жумуштары менен жеринен тааныштырды.