Бишкек шаарындагы ири базарларда сатылып жаткан коон-дарбыздын курамында зыяндуу заттар бар-жогу көзөмөлдөнүп жатат.
Учурда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жемиштердеги нитраттын көлөмүн текшерүүгө алууда. Бул иштер тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.