Жаңылыктар
Террордук коркунучтан улам чек аралар бекемделүүдө
Чек ара
Террордук коркунучтан улам чек аралар бекемделүүдө

Террордук коркунучтан улам Кыргызстан чек арасын бекемдеп жатат.  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев мекеменин коллегиялык жыйынында чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө буйрук берди.

Акыркы кезде эл аралык террористтик жана диний уюмдардын активдүүлүгү күчөп жатканы айтылууда. Аскерий адистер араб өлкөлөрүндөгү кырдаалдан улам, ар кандай кокунучтар жараларын белгилешет. Кыргызстан бул көрүнүштөргө даяр болушу зарыл.

Өлкөнүн күч органдары учурдун чакырыктарына каршы турууда кудурети канчалык, мамлекет күч органдарына жетиштүү шарттарды түзүп бере алганбы? Кийинки репортажда сөз болот...  

Мамлекеттик чек аралардын бекемдөө боюнча чечимдердин кабыл алынышы акыркы кезде эл аралык террористтик жана диний уюмдардын активдүүлүгү күчөшүнө байланыштуу болууда.

Чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө башкармалыгынын өкүлү Сажира Чоколоева чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүгө эл аралык террористтик жана диний уюмдардын активдүүлүгү күчөп жатканы, мындай көрүнүш бир катар араб өлкөлөрү менен Ооганстанда көбүрөөк байкалганы себеп болгонун белгилейт. :Улуттук коопсуздук комитетинин отставкадагы генералы, Ооган согушунун ардагери Абдижалил Жамалов азыркы учурдун чакырыктары Кыргызстандын күч түзүмдөрүн ар дайым даяр болууга мажбурлайт дейт.

Генерал негизги коркунучтар жана өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн абалы,  дүйнөгө коркунуч келтирген терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө зарыл болгон чаралар тууралуу биздин радиого пикир бөлүшкөн:

Бул генерал Абдижалил Жамаловдун айткандары болду. Ал кошумчалагандай, террордун алдын алууда коомчулук жапырт аракеттенүүсү зарыл. Мамлекет бүгүнкү күндө күч түзүмдөрүнүн деңгээлин жакшыртууда ар атараптуу  шарттарды түзүп келет. Сажира Чоколоева бул тууралуу мындай ой бөлүшөт:

Мамлекет күч органдарын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо үчүн акыркы жылдары эле ондогон көп батирлүү үйлөрдү курду. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Чек арачыларга курулган алгачкы батирлердин ачкычын тапшырып жатып, Эгемендүүлүгүн ойлогон эл Армияны жакшыртышы зарылдыгын айтканы бар:

Чек ара Кызматы мамлекеттик чек араны, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана кайтаруу сыяктуу ондогон милдеттер менен кошо чек ара аймактарында аскердик коопсуздук жана коргоо маселелерин чечүүгө катышуу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча башка органдар менен бирдикте чек ара тилкесинде террористерди же террористтик топторду аныктап, аларды кармоого, же жок кылууга катышат.

Бозулан Ысаков, Биринчи радио