“Жашыл энергияга” негизделип, жакынкы эле келечекте курулуп бүтө турган смарт-сити же башкача айтканда “акылдуу” стандарттарга ылайыкталган эко-калаа.
Бул аптада Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен Ысык-Көл облусунда Асман шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы өтөт. Аталган эко-шаар толугу менен инвесторлордун каражатына салынат деп белгиленген.