Жаңылыктар
Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

"Куттуу Курман айт майрамына карата Сизге жана өлкөңүздүн бүткүл элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана тынчтык менен гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду жолдойм.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшү мындан ары да жалпы мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн бекемделишине өбөлгө болот деп терең ишенем", - деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы алдыга өнүгүү жана бакубатчылык каалады.