Жаңылыктар
«Сосновкада» стационардык программалык комплекс иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
«Сосновкада» стационардык программалык комплекс иштөөдө

“Сосновка” посттунда стационардык аппараттык-программалык комплекс иштөөдө. Ал Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун аймагынан башка аймактарга чыгып бара жаткан издөөдө жүргөн, айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн, каттоосу убактылуу токтотулгандарын, ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка баардык укук бузууларын аныктайт. 

5-июндан тартып, 3 күн ичинде Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бул стационардык аппараттык-программалык комплексси аркылуу 30дан ашуун ар кандай эреже бузган авто унааларды аныктап, убактылуу айып аянтчасына токтотту. 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан авто унаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгууңуздарды эскертет. Стационардык аппараттык-программалык комплексстерин Кыргызстандын башка аймактарына да орнотуулар пландалууда.