Курман айтта мусулмандар кайрымдуулуктун көптөгөн үлгүлөрүн көрсөтүүдө. Майрамга карата курмандык чалып, социалдык жактан муктаждарга каражат, азык-түлүк берип жатышат.
Таксист болуп иштеген Белек Анварбек уулу болсо элди унаасы менен акысыз ташыды. Ал мындай кайрымдуулукту ар бир айт майрамында аткарып келет.