Жаңылыктар
Шайлоого катышкан партияларда добуш сатып алуулар аныкталса, шайлоодон четтетилет
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого катышкан партияларда добуш сатып алуулар аныкталса, шайлоодон четтетилет

Жергиликтүү  Кеңештерге  шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. Тиешелүү  мекемелер  алдыдагы  шайлоону таза өткөрүү аракетин көрүп жаткан чагы. Ошол эле учурда айрым маалымат булактарында  добуштарды сатып алуу  менен  шугулдана баштагандар  тууралуу  айтылууда.  

Өткөн аптада  эле  мамлекет  башчы  өлкөдө  өтүп жаткан шайлоолордо депутаттар  карапайым элди алдап жаткандыгына тынчсызданып, келечектеги Парламентке  татыктуу , жаш  интеллигенциякелерине  үмүт  артты.Ал арада Парламентте  добуш сатып алууда  кылмыш жоопкерчилигине  тартууга багытталган мыйзам долбоору  каралууда.Кыргызстандын калкы шайлоону саясий жогорку маданиятта өткөрө  алабы же дагы эле капчыктууларга кылчактайбы кийинки материалда сөз болот. 

11-декабрда  өтө  турган  жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго  карата жер-жерлерде даярдыктар көрулүп жаткан учур.  Интернет айдыңындагы  маалыматтарга караганда  азыркы учурда  добуштарды сатып алуу аракети көрүлүп жатат. Маселен, шаардык кеңештеги жакшы  орунга 200 000 доллар  талап кылынат экен. Ал эми кварталдык  кызматкерлер да  добуштарды сатып алууда активдүу иштерди жургузуп жаткандыгы  тууралуу да айтылууда. Өткөн аптада эле Президент Алмазбек Атамбаев өткөн парламенттик шайлоону эске салып,  биз күткөндөй шайлоо өтпөй жаткандыгына кейиди.

Ал арада  шайлоого катышкан тараптардын жоопкерчилигин күчөтүу  максатында  мыйзам долбоору  ЖКтин экинчи окуудагы талкуусуна чыгарылды. Ага ылайык, шайлоо эрежелерин бузган тараптарга  кылмыш жоопкерчилиги  каралгандыгын демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев белгилейт:

Ал эми алдыдагы жергиликтүу кеңештерге шайлоону таза өткөрүү максатында тиешелүу органдар менен бирге планга ылайык иштер аткарылып жаткандыгын  “Биринчи радиого” боршайкомдун мүчөсу Гулнара  Журабаева  билдирди. Анын айтуусунда, эгерде  шайлоого катышкан  партияларда  добуш  сатып алуу  фактылары аныкталса, БШК аны шайлоодон четтетет. 

 Коңшу өлкөлөрдө гана эмес , башка дүйнө  коомчулугуна “таза жана ачык ” өткөндүгү менен мисал болгон 2015-жылдагы Парламенттик шайлоо  жаңы ыкма менен  уюштурулуп,  добуш берүу  процесси  таза өткөн.  Ал эми добуштарды жең ичинен  сатып алуу көрүнүштөрү  бар экендигин эске салган  эксперт  Чынара  Эсенгул , шайлоочулардын саясий маданиятын калыптандыруу  үчүн  саясий элита менен иштөө зарыл  деп эсептейт. Эске салсак, 11-декабрда  жергиликтүу кеңештерге  шайлоо  жана референдум өтөт. Тиешелүү органдар бул иш-чараларды таза өткөрүүгө даярдыктарды көрүүдө.

  Г. Усенова,  Биринчи радио