Кыргызстандын футзал боюнча командалары окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
КРнын футзал ассоциациясынан билдиришкендей, 30-июнда Бишкекте Кыргызстандын улуттук жана жаштар курама командаларынын оюнчуларынын катышуусунда машыгуу жыйындары башталат.
КФСтин футзалын өнүктүрүү боюнча техникалык директору Амиржан Мукановдун жетекчилиги астында машыгуу процесстерине улуттук, жаштар курамаларынын бардык машыктыруучулары катышат.
«Кыргызстанда мындай форматтагы жыйындар өтө элек. Бул лагердин уникалдуулугу белгилүү бир оюн позицияларында оюнчулар менен жекече иштөө болуп саналат. Машыгууда бардык оюнчулар позицияларга бөлүнөт: вингер, коргоочу, дарбазачы», - деп айтылат билдирүүдө.
Дарбазачылар менен иштөөгө орусиялык адис, Россиянын футзал боюнча курама командасынын жана «Газпром-Югра» клубунун дарбазачылардын машыктыруучусу Сергей Соколов чакырылган.
Окуу-машыгуу жыйындары 7-июлга чейин уланат.