Жаңылыктар
Азат Базаркуловдун баш коргоо чарасы каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Азат Базаркуловдун баш коргоо чарасы каралды

«Альфа Телекомдун» мурагы башкы директору Азат Базаркуловдун баш коргоо чарасы каралды. Аны 9-августка чейин камакта калтыруу чечимин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК акционердик коомдун сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталганын, компаниянын жооптуу адамдары жеке менчик ишканалар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканын билдирген. 

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталганы кабарланган.