Жаңылыктар
Бүгүн кыргыз милициясынын кесиптик күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн кыргыз милициясынын кесиптик күнү

1-ноябрь кыргыз милициясынын кесиптик күнү .Буга байланыштуу бүгүн ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болду. Анда милициянын алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, наамдар ыйгарылды. 

Ошол эле учурда милиция тармагы, ар дайым эле сынга кабылып келет. Бирок андагы тажрыйбалуу кызматкерлер тармактагы көйгөйлөр каржы маселесине такалаарын, ал жагы чечилсе эле милиция эл күткөндөй, коомчулук каалагандай болуп өзгөрө алат дешет.

Өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо жана сапатын көтөрүү боюнча демилге бир нече жолу көтөрүлүп, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Коргоо коргоо кеңешинин катчысы өз сөзүндө бул жолку реформа жылдын аягына чейин акырына чыгарылаарын белгиледи. Учурда иштелип жаткан программа, укук коргоо органдарындагы коррупцияны четтетүүгө, кайталанма кызмат орундарын жоюуга, кадрларды даярдоону жакшыртууга, күч органдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. 
Эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сөздөрүнө таянсак, мурда республиканын ички иштер органдарындагы жүргүзүлгөн реформаларда саясий эрк жетишпей, көтөрүлгөн демилгенин баары ишке ашпай келген. Азыр эми мамлекет башчысынын колдоо сөзүнөн жана Коргоо кеңеши тарабынан жасалган кадамдардан кийин бул иш-чаралардын натыйжасы сезиле баштайт деп күтүлүүдө.