Жаңылыктар
1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Кыргызстан боюнча быйыл 186 миң 201 окуучу 1-класска барат. 10-апрелден 29-июлга чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге 1-класска 93 миң 472 бала, анын ичинен 2 миң 106 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. 

26-июнда биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. 31-августка чейинки мөөнөттө жашаган дарегине карабай каттоого турууга болот. 

Өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткарышы зарыл. Каттоо жол-жоболору, ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар. Ага кошумча ата-энелер үчүн каттоого туруу боюнча түшүндүрүү роликтери даярдалган.