Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө "Асман" шаарын курууга старт берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлгө "Асман" шаарын курууга старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы"Асман" шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди.Иш-чара "Асман" шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды.

Андан соң аталган долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер тартыларынбелгилешти.

 Чет элдик инвесторлор - Түркия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Катарданкелген ири компаниялардын өкүлдөрү.
Бул компаниялар келечек шаарларын жана эко-шаарларды, IT-өнөр жайын, ири аэропортторду, мейманканалар, гольф-клубдар, тематикалык парктар, музейлер жана киноиндустриясын куруу, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча адистешкен.
"Асман" шаары акылдуу, коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучуборборлор жайгашкан төрт зонага бөлүнөт.


500-700 миң тургунга эсептелген шаар 7-10 жылдын ичинде Арабиядагы Неом,Эмираттардагы Маздар-Сити, Швециядагы Вестерн Харбор, Кытайдагы Күнөстүү өрөөн сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорго окшош болуп курулат.


Инвесторлордун презентациясынан кийин Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн айтты.

Мамлекет башчысы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор биринчи кезекте туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Президент Ысык-Көлдө жайгашкан Кумтөрдү мисал келтирди, анын бардык пайдасы республикалык бюджетке түшүп, ар бир кыргызстандык үчүн пайда алып келерин айтты. Ошол сыяктуу эле, бул шаар өлкөнүн бардык тургундарына пайда алыпкелерин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчөкоргоого алат деп ишенимдүү кепилдик берип, башка инвесторлорду да булдолбоорго катышууга чакырды. Инвесторлордун ишине кийлигишпөө кепилдиги жанатолук мамлекеттик кепилдик берилет, долбоорду ишке ашырууда эч кимге тоскоолдуккылууга жол берилбейт.
Президент кокус инвесторлорго карата чекилик иштердин чети эле билинсе,мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланарын өзгөчө белгилеп өттү.
Мындан башка Мамлекет башчысы башка региондорго үлгү боло турган, келечекте таза табиятын сактоого салым кошуучу бул дымактуу долбоорго катышуу чечимин кабыл алган бардык өнөктөштөрдү жана инвесторлорду белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.
Андан кийин Президент Садыр Жапаров заманбап "Асман" эко-шаары курулуп баштала турган жерге мезгил кутусун салды.
 
Иш-чара майрамдык концерт менен уланды.