Жаңылыктар
Ысык-Көл жергесинде милициялардын майрамы парад менен башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл жергесинде милициялардын майрамы парад менен башталды

92 жылдык кесиптик майрам бүгүн Ысык-Көл жергесинде милиция кызматкерлеринин парады менен башталды.

 Аймактын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер  бул майрамды жакшы жетишкендиктер менен тосуп жатышат. 

Айта кетсек аймакта быйыл эл аралык маанидеги бир катар чаралар, анын ичинде экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшүн белгилесек болот. 

Анын үстүнө бул жылы кылмыш иштеринин бетин ачуу боюнча 81 пайыз иштер аткарылган. Салтанаттын жүрүшүндө бир катар кызматкерлер кезектеги аскердик наамдарын алышты. Мындан сырткары жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлер акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланышты.