Жаңылыктар
Акын Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү
Маданият
Акын Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү

Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү. 

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн иш чарада акындын китептери, гезит беттерине жарыяланган макалалары коюлду. 

Маданияттын мыкты кызматкери Сейит Жетимишев кыргыз адабиятында прозаик жазуучу катарында таанымал. 

Анын алгачкы китеби "Менин атым" деп аталып, 1962-жылы жарык көргөн. Ал эми орус тилдүү окурмандарга аңгеме жана повесттерден турган "Капчыгай үстүндөгү булуттар" чыгармасы менен таанымал.