Жаңылыктар
Чолпон-Атада стационардык аппараттык-программалык комплекс иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Чолпон-Атада стационардык аппараттык-программалык комплекс иштей баштады

Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде жол кырсыктарынын алдын алуу жана коопсуздукту жакшыртуу максатында «Авто Ураган» стационардык аппараттык-программалык комплекси орнотулду. 

Түшкө чейин бул аппараттык комплекстин жардамы менен ар кандай эрежелерди бузган 5 унааны аныкталып, айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Стационардык аппараттык-программалык комплекс издөөдөдөгү, айыптары өз убагында төлөнбөй калган, каттоосу жок, ылдамдыкты жогорулатуу жана башка укук бузууларды аныктайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы сапарга чыккан айдоочуларга айып пулду өз убагында төлөп, анан жолго чыгууну эскертет.