Жаңылыктар
Ысык-Көлдө «Асман eco-smart city» аталыштагы заманбап шаар пайда болот
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө «Асман eco-smart city» аталыштагы заманбап шаар пайда болот

«Асман eco-smart city». Жакынкы 5-10 жыл аралыгында эле Ысык-Көлдө дал ушундай аталыштагы заманбап шаар пайда болот. Аты айтып тургандай калаа жашыл энергияга негизделип, азыркы тил менен айтканда “акылдуу” болору да белгиленген. 

Келечектеги калаанын долбоорун менеджмент, өндүрүш, техникалык окутуу, логистика, менеджмент сымал бир катар тармактарда 22 жылдан бери бирдиктүү иш алып барып, 100дөн ашык ири долбоорлорду ишке ашырган “AXX Investment Group” компаниясы иштеп чыккан. Ага ылайык, «Асман eco-smart city” төрт бөлүктөн турат. Алар: Акылдуу шаар, Соода-сатык, Спорт жана оюн-зоок сектору”.