Жаңылыктар
Театр сүрөтчү Макен Сыдыкбаев көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Театр сүрөтчү Макен Сыдыкбаев көз жумду

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 

Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган. 1958-жылы. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылдан тартып Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган. 1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү- коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.

Ал Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым», Чеховдун «Эжелүү-сиңдилүүлөр», Садыковдун «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек», Садыбакасовдун «Ак боз ат», Байжиевдин «Төрт адам», Власовдун «Алтын кыз», Визенин «Кармен», Давлесовдун «Курманбек», Вердинин «Отелло» жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар. Макен Сыдыкбаевдин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз ССРнин Жогорку Президимунун жана СССР Маданият министрлгинин ардак грамоталары, СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн коло медалы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү ардактуу наамдары ыйгарылган.