Жаңылыктар
АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга келет
Кырсык
АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга келет

АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

 Маалыматка ылайык, учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.