Жаңылыктар
Улуу ойчулдун элеси - күмүш тыйын бетинде
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу ойчулдун элеси - күмүш тыйын бетинде

Улуттук банк ойчул Жусуп Баласагындын мааракесине карата коллекциялык күмүш монета жүгүртүүгө чыгарды. 

Монетанын алдыңкы бетин окумуштуу, акындын Кашкардагы күмбөзүнө түшүрүлгөн сүрөтү жана Бурана мунарасынын келбети түзөт. Сол бетинде “Кут алчу билим” поэмасынын аталышы чагылдырылган. 

Күмүш тыйындын артына болсо кыргыз тоолорунун көрүнүшүндө Бурана мунарасы чагылдырылган. Алтын жалатылган миң даана тыйындын бир даанасы 3 миң 420 сомдон бааланып сатыкка чыкты.