Жаңылыктар
Ноябрь айынан тартып өлкөдө газ кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
Ноябрь айынан тартып өлкөдө газ кымбаттады

Ноябрдан тартып газдын баасы кымбаттады. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

Бул айда көгүлтүр оттун баасы жарандар үчүн 13 тыйынга, ишканалар үчүн 15 тыйынга кымбаттады. 

Ошондо жаратылыш газынын бир куб метрин карапайым калк 14,39 сомдон сатып алса, өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,64 сом болот. Маалыматка ылайык, аталган нарк бардык салыктардын түрүн кошкондон кийинки баа болуп эсептелет.