Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын Тышкы иштер министрин Өлкө башчы кабыл алды. Эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруунун мааниси зор. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз аба каттамын ачуу, IT-парктарды түзүү, креативдүү экономика тармагында кызматташуу тууралуу Замбри Абдул Кадир менен Жээнбек Кулубаевдин жолугушуусунда дагы сөз болду.