Жаңылыктар
Нарынга оор жүк ташуучу 9 жаңы техника келди
Кыргызстан жаңылыктары
Нарынга оор жүк ташуучу 9 жаңы техника келди

Республикалык бюджеттин эсебинен “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусундагы филиалына оор жүк ташуучу 9 техника алып келинди. Автоунаалар облустагы тогуз жол тейлөө мекемесине тапшырылып, техника жол куруу иштерине тартылды. Бул өз кезегинде Мамлекет башчысынын көзөмөлү менен Теңир-Тоонун жолдорун сапаттуу салууга жана өз убагында пайдаланууга берүүгө өбөлгө түзөт.