Жаңылыктар
Мыйзамсыз оорулууларды дарылаган Ашым Зайналиев маалымат жыйын өткөрдү
Ден соолук
Мыйзамсыз оорулууларды дарылаган Ашым Зайналиев маалымат жыйын өткөрдү

Өз алдынча онкологиялык дарылоочу жай ачып алган Ашым Зайналиев маалымат жыйын өткөрүп, 2014-жылы рак илдетин дарылоонун альтернативдүү жолун тапканын айтып чыкты. 

Табып медициналык билими жок экенин, бирок химия жана биология адистигин аяктап, дарынын 21 түрүн өзү иштеп чыкканын билдирди.

Маалымат жыйынга табыптын колунан дарыланган адамдар дагы катышып аны жакшы дарыгер деген мүнөздөмө беришти. 

Ашым Зайналиев бийликке иштеп чыккан ыкмамды карап көрүп, бейтаптарды дарыласа деген сунуш менен кайрылсам колдоо тапкан жок деди. Ал бир нече оорунун түрлөрү боюнча дарылай турганын, бирок канча адам каза болду маалымат жоктугун билдирди.